Кыргыз Республикасында электрондук кол тамга (ЭК) колдонуу төмөнкү ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат:
Жогоруда аталган мыйзамдын 8-беренесине ылайык, КР УКМК:
1. квалификацияланган сертификаттын формасына карата талаптарды белгилейт;
2.ЭК каражаттарына жана күбөлөндүүрүүчү борбордун (КБ) каражаттарына карата талаптарды белгилейт;
3. ЭК каражаттарынын жана КБ каражаттарынын Мыйзамга ылайык белгиленген талаптарга ылайык келе тургандыгын тастыктоону жүзөгө ашырат жана мындай каражаттардын тизмесин жарыялайт.
Аталган ченемдик актылардын негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин (СӨИТМ) «Квалификацияланган сертификаттардын формасына карата талаптарды, электрондук колтамга каражаттарына жана күбөлөндүрүүчү борбордун каражаттарына карата талаптарды жана электрондук колтамга каражаттарынын жана күбөлөндүрүүчү борбордун каражаттарынын «Электрондук колтамга жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык белгиленген талаптарга шайкештигин ырастоо тууралуу жобосун бекитүү жөнүндө жобону» бекиткен биргелешкен буйрук күчүндө.
КР УКМК менен СӨИТМ биргелешкен буйругунүн тексти төмөнкү шилтеме боюнча жүктөп алууга болот: