Кыргыз Республикасынын УКМК Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбору шифрлөө (криптография) каражаттарын камтыган товардын (продукциянын) мүнөздөмөсү жөнүндө нотификацияларды каттоо жүргүзөт.
“Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө” Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги №30 чечими (документке шилтеме):
Тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын көңүлүн төмөнкүгө бурабыз: товарды шифрлөө (криптография) каражаттары категориясына киргизүү функциясы Кыргыз Республикасынын УКМК Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун компетенциясына кирбейт, ал эми нотификацияны каттоодон баш тартуу жөнүндө билдирүү бажы органдарына көрсөтүүгө берилүүчү документ болуп эсептелбейт.
Нотификацияны каттоого арыз жана ага тиркелген материал (нотификация, ишеним кат ж.б.) Кыргыз Республикасынын УКМКга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү” “Бирдиктүү терезе” борборунун ” “Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасы (БТМС) аркылуу электрондук форматта жөнөтүлөт. “Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасынын иштешине байланыштуу суроолор боюнча консультацияны электрондук почта аркылуу алууга болот: e-mail: info@trade..kg, телефону 0(312) 90-26-40.
Нотификацияларды каттоодон баш тартылгандыгы жөнүндө билдирүү себептери көрсөтүлүп, ошондой эле катталбаган нотификацияларды (анын ичинде кошо көрсөтүлгөн документтер) арыз ээлерине “Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасы (БТМС) аркылуу жөнөтүлөт.
Нотификацияларды каттоого арыз кабыл алуу, нотификацияларды тариздөө жана документтердин статусу боюнча консультацияны электрондук почта аркылуу алууга болот: e-mail: notification@cert.gov.kg, телефону 0(755) 00-55-11.